Илим таануу

Википедия дан

Илим таануу - илим изилдөөнүн тармагы. Ал илимдин пайда болуу жана өнүгүү закон ченемин, илимий иштин түзүлүшүн жана динамикасын, илимдин башка социалдык институттар жана коомдун материалдык жана рухий турмуш чөйрөсү менен өз ара катышын үйрөтөт.

Илимдин өнүгүшүнүн айрым аспектилери 19-кылымдын ортосунан философия ж. б. илимдерде изилдене баштаган (Г. Гельмгольц, К. Бернар, К. А. Тимирязев ж. б.). А. Декандоль илимдин өнүгүшүнө таасир кылган социалдык, психологиялык ж. б. себептерди ачууга аракеттенсе, В.Оствальд илимпоздун калыптануу маселелерин иликтеген.

Илимий-техникалык революциянын жана илимдин таасиринин өсүшүнө байланыштуу 20-кылымдын 1жарымынан илим комплекстүү изилдене баштап, 30жылдарда илим табуунун проблематикасы калыптанган, 40-жылдары илимий иш-аракетти эмпириялык түрдө изилдөө иштери кеңири жүргүзүлөт.

60-жылдары СССР ж.б. өлкөлөрдө илим таануунун предмети жана милдети жөнүндө түшүнүк жана анын маселелерин иштеген илимий коллектив пайда болгондон баштап, ал өзүнчө тармак катары түзүлүп, изилдөө багыттары пайда болгон. Анализдеп үйрөнүүнүн максаты - илимдин өнүгүшүнүн закон, ченемдерин татаал система катары ачуу. Илимдин коомдогу ордун үйрөнүүдө тарых, социология, философия ж. блардын түшүнүктөрү, методдору пайдаланылат. Бирок илим таануу айрым билимдердин синтези эмес. Илим таануу маселелерин чечүү боюнча Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө көп илимий мекеме иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9