Иллюзионизм

Википедия дан

Иллюзионизм (латынча illusio – алдоо, мыйыгынан жылмаюу) – атайын мааниде – көркөм искусство  тарыхында кээ бир доорлор менен стилдерге мүнөздүү жана сырткы жандуулугу менен чындыкка окшоштугу бар, иллюзияга (жаңылыш көрүнүүгө) жакын көркөм сүрөттөлгөн түшүндүрүү. И. XVII–XVIII кылымдардагы Батыш Европа көркөм искусствосуна тиешелүү монументалдык оймолоп жазуулар менен бир байланышта айтылат. Архитектура менен живопистин чектери (сүрөттөө менен реалдуулуктун ортосунда) дээрлик жоюлуп кеткен плафондор менен байланышта. Терс мааниде И. термини сүрөттөөдө бир нерсенин, кубулуштун маанисинин жана маңызынын ордуна сырткы көрүнүшүн гана берүүгө ылайыкталган натуралисттик мамилени мүнөздөө үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]