Иллюзия

Википедия дан

Иллюзия (лат. – жаңылуу, адашуу) – кабыл алуунун алдамчылыгы, сүрөттөлүп аткан нерсени реалдуулук катары түшүнүп калуу. Мисалы, “Айчүрөк” операсында каармандын көрүүчүлөрдүн көз алдында учуп кетиши. Чынында мында каарман-аткаруучу учпайт, анын кеби гана учат.

Медицина[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иллюзиялар— турмуштагы чыныгы нерселерди жана көрүнүштөрдү жаңылыш кабыл алуу. Иллюзиялар түрдүүчө айырмаланат. Сезүү органдарынын бөтөнчө функцияларына байланышкан Иллюзиялар физиологиялык деп аталат. Мындай И. айлана-чөйрөнүн объективдүү касиеттери менен шартталат. Психикалык Иллюзиялар адамдын сезүү-туюмунун өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Психиатриялык тажрыйбада көбүнчө угуу жана көрүү Иллюзиялары көп учурайт. И. адатта оорулуу адамдарда байкалат, кээде дени сак адамдарда да кездешет. Аны башка кайгы-капа да күчөтүшү мүмкүн, бирок оору экенин түшүнбөстүктүн кесепетинен жаңылыш кабыл алуудан кабылдап кетиши ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8