Иллюзиялар

Википедия дан

Иллюзиялар - турмуштагы чыныгы нерселерди жана көрүнүштөрдү жаңылыш кабыл алуу.

Иллюзиялар түрдүүчө айырмаланат. Сезүү органдарынын бөтөнчө функцияларына байланышкан Иллюзиялар физиологиялык деп аталат. Мындай Иллюзиялар айлана-чөйрөнүн объективдүү касиеттери менен шартталат. Психикалык Иллюзиялар адамдын сезүү-туюмунун өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Психиатриялык тажрыйбада көбүнчө угуу жана көрүү Иллюзиялары көп учурайт.

Иллюзиялар адатта оорулуу адамдарда байкалат,кээде дени сак адамдарда да кездешет. Аны башка кайгы-капа да күчөтүшү мүмкүн, бирок оору экенин түшүнбөстүктүн кесепетинен жаңылыш кабыл алуудан кабылдап кетиши ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8