Ильинский Игорь Владимирович

Википедия дан

Ильинский Игорь Владимирович - [11 (24). 7. 1901, Москва 13. 1. 1987, ошол эле жер] орус актёру, СССР эл арт. (1949), Социалистик Эмгектин Баатыры (1974). Ф. Ф. Комиссаржевскийдин театр студиясынан окуган (1917). 1920-жылдан В. Э. Мейерхольд атындагы театрда, 1938жылдан Кичи театрда иштеген. РСФСР театрларында жана Мейерхольд атындагы театрда аткарган ролдору: Присыпкин (В. Маяковский, «Кене»), Счастливцев (А. Островский, «Токой»), Расплюев (Сухово-Кобылин, «Кречинскийдин үйлөнүү тою»), Аким (Л. Н. Толстой, «Караңгылыктын бийлиги») ж. б. Комик кино актёр катары да белгилүү («Волга-Волга», «Карнавал түнү», «Торжоктук бычмачы» ж. б. фильмдер). Ильинский көркөм окуу өнөрүнүн да устаты болгон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1941, 1942, 1951), Лениндик сыйлыгынын (1980) лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]