Ильин, Юрий Иванович

Википедия дан

Ильин, Юрий Иванович (1938-ж. т., Тамбов облусу, Жердев р-ну, Ивановка кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Саратов геол. чалгындоо техникумун (1956), Фрунзе политехника ин-тун (1970) бүткөн. Кыргыз ССР геология башкармалыгынын № 14 партиясынын геологу (1957–59), Түндүк Кыргызстан, Сарыжаз геол. экспедицияларында улук коллектор, улук геолог, отряддын ж-а партиянын начальниги (1959–73), (1973–76-ж.) Алжирде иштеп келген. Геол.-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын ж-а партиянын начальниги (1976–96). Медалдар менен сыйланган. Сарыжаз калай кенин ачкандардын катарында «Кенди биринчи ачуучу» деген төшбелги берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]