Ильмень

Википедия дан

Ильмень - (жыл баянда Ильмер, байыркы славяндарча Словен деңизи) Новгород облусундагы көл, Ильмень ойдуңунда жайгашкан. Орточо аянты 982 км2 (суусунун деңгээлине жараша 733 км2ден 2090 км2ге чейин өзгөрүп турат). Узундугу 45 кмдей, туурасы 35 кмге, тереңдиги 10 мге чейин. Жээги саздуу. 50дөй дарыя (Мста, Пола, Ловать, Шелонь ж. б.) куят. Волхов дарыясы агып чыгат. Деңгээли 2,3 мден (мартта) 5,8 мге чейин (майда) өзгөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде муздан арылат. Балык кармалат. Мста дарыясы, Илмень каналы жана Волхов дарыясы аркылуу Вышний Волочёк системасы менен туташат. Ильменден 6 км аралыкта Волхов дарыясынын жээгинде Новгород шаары жайгашкан. 9-12-кылымда Ильмень аркылуу «варягдардан гректерге» соода суу жолу өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]