Имаго

Википедия дан

Имаго - (лат. imago кебете, түр) курт-кумурскалардын жана кээ бир муунак буттуулардын жеке өөрчүшүнүн жетилген стадиясы. Бул стадияда муунак буттуулар көбөйөт, ал эми кээде ар кайсы жерге жайгашат, демейде түлөбөйт жана өспөйт. Татаал түзүлүштүү курт-кумурскалардын көпчүлүгүнүн имагосуна өтүп кеткен мурунку стадияларынан айырмаланып, канаттары жана жыныстык кошумча өсүндүлөр мүнөздүү. Курт-кумурскалардын (көпөлөктөр, коңуздар, жаргак канаттуулар), толук өөрчүү стадиясында имаго куурчакчадан өөрчүп чыгат. Толук эмес өөрчүүчү курт-кумурскаларда (мисалы, субагай канаттууларда, кыпчуурларда, тең канаттууларда ж. б.) куурчакча стадиясы жок, личинка нимфа бир катар түлөгөндөн кийин түз эле имагого айланат. Имаго стадиясынын узактыгы адатта бир нече миндан бир нече жылга чейин созулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]