Иманалиев Жусуп

Википедия дан

Иманалиев Жусуп - (12. 3. 1900, Нарын уезди, Эчки-Башы айылы 27. 10. 1974, ошол эле жер) алгачкы агартуучу, педагог, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1948). Фрунзе шаарындагы пед. институтун алдындагы үч жылдык мугалимдер курсун бүтүргөн (1929). Тогуз-Тородогу Ийри-Суу мектебинин директору, 1932-35-ж. парткомдун секретары, 1940-58-ж. Коммунизм жети жылдык мектебинде эмгектенген. Ал МиңБулак, Оттук, Эчки-Башы, Кызыл-Жылдыз айылдарында башталгыч мектептерди ачкан. 1937-ж. «эл душманы» деген жалган жалаа менен репрессияланган. 1939-ж. акталып, Архангелскиде камактан бошотулган. Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендери, «Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн» ж. б. медалдар менен сыйланган. Ысмы Эчки-Башы айылындагы мектепке ыйгарылган (1990).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]