Иманалиев Таалайбек Мурзабекович
Appearance
Иманалиев Таалайбек Мурзабекович - (10. 3. 1965-ж. туулган, Фрунзе) математик, физика-математика илимдеринин доктору (2001), дифференциалдык теңдемелер жана компьютердик математикалык пакеттер боюнча адис. КМУну (1988) бүтүргөн. КМУда окутуучу, кафедра башчысы (1997-98), доцент (2003-07), 2001-жылдан колдонмо математика жана информатика кафедрасында профессор 2003-07-ж. Пакистан Улуттук университетинде профессор болуп иштеген. 80ден ашык илимий эмгеги жарык көргөн. Иманалиев 1985-жылдан шахмат боюнча спорт чебери. Көп жолу эл аралык турнирлерге жана олимпиадаларга катышкан. Эмгектери: Метод дополнительного аргумента в теории нелинейных волновых уравнений в частных производных (авторлош). Б., 1995.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5