Иманалиев Чотон

Википедия дан

Иманалиев Чотон (15.9.1926, Айгыр-Жал айылы - 6.4.2002, ошол эле жер) - согуштун жана эмгектин ардагери.

Фрунзе аскердик окуу жайын бүткөн (1943). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1943-45). Согушка чейин Энгельс атындагы башталгыч мектептин башчысы болуп иштеген. 1945-жылдан Таш-Көмүр шаардык аскер комиссариатында кызматкер, Чаткал районунун маданият бөлүмүндө башчы, партиянын райондук комитетинин айыл чарба бөлүмүндө башчы, партиянын Ала-Бука райондук комитетинде инструктор, «Чаткал» совхозунда башкы агроном, башкы зоотехник, райондук социалдык камсыздандыруу, райондук архив мекемелеринде жегекчи болуп иштеген.

Райондук Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп 16 жыл иштеген. I даражадагы “Ата Мекендик Согуш” ордени, 12 медаль жана бир нече грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6