Иманбаев Сулайман

Википедия дан

Иманбаев Сулайман - (18. 2. 1932-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айылы) коомдук ишмер. КРдин эмгек сиңирген врачы, 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи, медицина илимд. кандидаты (1970). 1955-ж. КММИни бүткөн. 1960-75-ж. Фрунзе шаараткомунун төрагасынын орун басары, саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы, 1975-82-ж Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министринин орун басары, 1982-96-ж. Кыргыз онкология жана радиология ИИИнин директору, Кыргыз кардиология ИИИнин директорунун орун басары, Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын башчысы, КРдин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борб. комиссиясынын төрагасы (1996-2005) болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990-95). КММАнын (1999), УОБдун (2002) ардактуу профессор 1-даражадагы Манас, «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк», башка 9 медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]