Иманкулов, Чалагыз

Википедия дан

Иманкулов, Чалагыз (1889–1980) - кыргыз элинин карыя акындарынын бири. Ысык-Көлдүн күңгөй жагындагы Темировка айылында 1889-жылы туулган. Ч.Иманкулов акын гана эмес, таанымал комузчу. Октябрь Революциясына чейин эл арасында өзүнчө элдик ырларды жаттап, ырдап жана күү чертип жүргөн. Ал кыргыз арасына элдин эски жомокторун айтууда, аны жайылтууда зор иш жасаган.

1954-жылы алгачкы ырлар жыйнагы чыккан.

1950-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.

1970-жылы «Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Hyp заман: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 80 б.

Манат. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 88 б.

Чынтемир. – Ф.:, Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 48 б.

Замандашым, комузум. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 77 б.

Үч кыз. – Ф.: Мектеп, 1965. – 116 б.

Өмүр элестери. – Ф.: Мектеп, 1970. – 152 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]