Иманкулов Жакып

Википедия дан

Иманкулов Жакып (20.9.1957-ж.т., Чандалаш айылы) - саламаттык сактоо тармагынын көрүнүктүү ишмери, саламаттык сактоо отличниги (2001).

Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн (1980). 1981-83-жылдары Ала-Бука районунун 1-Май айылында аймактык врач педиатр, 1983-84-жылдары Көк-Серек айылында врач, 1984-жылдан Сумсар аймактык ооруканасында врач педиатр болуп эмгектенет. 2002-09-жылдары Сумсар УДТда клиникалык жетекчи болуп иштеген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6