Иманкулов Кеңешбек Эмилбекович

Википедия дан

Иманкулов Кеңешбек Эмилбекович (1. 1. 1958-ж. туулган, Ысык-Ата району, Кеңеш кыштагы) - айыл чарбасынын отличниги, жетекчи кызматкер.

К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн (1981).

Эмгек жолун Кенес-Анархай машина мал чарба станциясында диспетчер болуп баштаган. Кант районундагы «Труд» колхозунда экономист, башкы экономист (1981-2005), колхоздун башкармасынын төрагасы, Люксембург айылдык кеңештин төрагасы болуп эмгектенген.

2005-07-жылдары жеке менчик «Бай» дыйкан чарбасын уюштуруп, жетектеп келген. 2007-жылдан «ЭС» ачык акционердик коомунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү.

Айыл жана суу чарба министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган. Суусамырлык чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9