Иманкулов Сапарбек

Википедия дан

Иманкулов Сапарбек (1930, Үлгү айылы - 1989, Кожомкул кыштагы) - эмгек ардагери жана жетекчи кызматкер.

  • 1948-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетитинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1952).
  • Ошол эле жылы. Ош облусунун Куршаб районундагы Ворошилов атындагы орто мектепке директор болуп дайындалат.
  • 1956-ж. мартта Куршаб районунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы,
  • 1956-ж. июнда Чүй облусундагы Ивановка районуна элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы,
  • 1957-ж. Ивановка районундагы Октябрь атындагы орто мектепте директор болот.
  • 1958-жылдын башында Фрунзе облусунун Калинин райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат.
  • Ошол жылы декабрда Суусамыр орто мектебине директор,
  • 1960-62-жылдары ошол эле мектепте тарых мугалими, 1963-66-жылдары Военно-Антоновкадагы жетим балдар үйүндө мугалим, республикадагы профсоюздар уюмундагы пионер лагердин башчысы, Сокулук райондук аткаруу комитетинде инструктор болуп эмгектенген.
  • 1967-жылдан Суусамырдагы 8-Март орто мектебинде тарых сабагынан мугалим болуп иштеп келген.
  • 1956-ж. Куршаб райондук кеңешинин депутаты, 1957-ж. Ивановка РК КПнын бюро мүчөсү болгон.

Бир нече жолу райондук комитетинин, райондук элге билим берүү бөлүмдөрүнүн жана облустук комитеттердин Ардак грамоталары менен сыйланган. «Социалистик мелдештин жеңүүчүсү» деген төш белгинин ээси болгон. Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9