Имидазол

Википедия дан

Имидазол, глиоксалин, 1, 3 диазол - түссүз кристалл, кайноо t 256°С. Сууда, спиртте жакшы, эфирде жай эрийт.

Имидазол бир катар металлдар жана кислоталар менен кошулуп туздарды пайда кылат; галогендее, нитрлөө, сульфирлөө реакциясына оңой кирет. Имидазолду глиоксалдын аммиак жана формальдегид менен болгон реакциясынын натыйжасында алууга болот. Анын бирикмелери жаратылышта көп кезигет жана биологиялык чоң мааниге ээ. Кээ бир бирикмелери кан тамырларды ичкертет да, кан басымын жогорулатат, безгек оорусуна каршы таасири бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.