Имманенттик философия

Википедия дан

Имманенттик философия - философиядагы бытиени, таанылуучу реалдуулукту аң-сезимдин ички мазмуну менен окшоштуруучу жана аң-сезимге тийиштуу болгон тышкы чындыкты тануучу субъективдик-идеалисттик багыт.

Анын өкүлдөрү: В. Шуппе, Р. Шуберт-Зольдерн, М. Кауфман, А. Леклер, И. Ремке ж. б. Аларга Мах, Авенариустун ой-пикири да жакын болгон. Имманенттик философиянын өкүлдөрү кантчылыктан Беркли менен Юмга кайра кайтууну талап кылып, Канттын «тааныла элек нерсе» деген окуусун (оң жактан) сындашкан. Имманенттик философиянын негизги тезисттери - «ойго түшкөн нерсе гана жашайт», бытие аң-сезимге тиешелүү, объект субъект менен тыгыз байланышта деген түшүнүктөр. Алар субъективизм жана солипсизмден кутулуу максатында (Шуберт-Зольдернден башкасы) адамзаттын мээсине көз каранды эмес оңдуу жашаган «жалпы аң-сезим» же «уруулук аң-сезим» терминдерин киргизген. Бул окуунун туура эместигин жана дин менен байланыштуу экендигин В. И. Ленин «Материализм жана эмпириокритицизм» деген эмгегинде катуу сындаган. Имманенттик философияны жолдоочулар 20-кылымдын башында майда агымдарга бөлүнүп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.