Иммерсия ыкмасы

Википедия дан

Иммерсия ыкмасы – микрос-коптун жардамы менен катуу нерсенин майда бүртүкчөлөрүнүн (1–2 мкм) сынуу көрсөткүчүн (n) аныктоо ыкмасы.

Бул ыкмада, изилденүүчү бүртүкчөлөр айнектин бетиндеги сынуу көрсөткүчтөрү белгилүү болгон, ар түрдүү суюктуктарга матырылышат. Катуу зат менен суюктуктун сынуу көрсөткүчүн салыштырууда Бекке ыкмасы колдонулат. Иммерсия ыкмасынын тактыгы ~0,001. Иммерсия ыкмасы кошулмалардын тазалыгын тактоо, заттын аралашмадагы катуу фазасын аныктоо, о. эле минералдар менен тоотектерин үйрөнүү үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]