Иммунитет (мамлекеттик)

Википедия дан

Иммунитет (мамлекеттик) - мамлекеттик эл аралык укук принциби, жалпысынан алганда бир мамлекеттин башка бир мамлекетке карата бийлик кылуунун мүмкүн эместиги. Бул принцип кадимки укуктук нормадан «тең менен теңдин ортосунда бийлик болбойт» дегенден келип чыккан. Иммунитеттин негизи мамлекеттин эгемендүүлүгү. Мамлекеттердин эгемендүү теңдиги БУУнун Уставында белгиленген. Иммунитеттин жалпы жобосу боюнча мамлекет чет элдик сотко, мыйзамдарга, чечимдерге баш ийбейт жана өз менчигинен айрыла албайт. Мамлекетке жана анын органдарына башка чет мамлекеттин соту доомат коё албайт. Чет мамлекет, анын органдары жана ага тийиштүү мүлк иммунитеттен пайдаланат. Иммунитеттин абсолюттук жана чектелген түрү белгилүү. Мамлекет өз эгемендүүлүгүн толук сактаса абсолюттук иммунитет (мурдагы СССР, Кытай, Улуу Британия жана АКШнын сот практикаларында колдонулган), жеке адам алып бара турган ишти аткарса, чектелген иммунитет деп эсептелет (20-кылымдын 2-жарымында пайда болгон). Ошондой эле иммунитеттин консулдук иммунитет, күбө иммунитет, дипломатиялык иммунитет ж. б. түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]