Импакттык зоналар

Википедия дан

Импакттык зоналар - (англ. impact сокку, түрткү) антропогендик таасирден булганган океан, деңиз аймактары. Азыркы учурда өтө коркунучтуу булгоочу заттар (нефть жана нефть продуктулары, коргошун, сымап ж. б. оор металлдардын бирикмелери, уулуу химикаттар ж. б.) жер ортолук жана ачык деңиздерде, ошондой эле океандардын айрым бөлүнүштөрүндө кездешет. Булгануу алгач деңиз, океан жээктеринде пайда болуп, анан жээктен алыс акваторияга тарап, мезгил жана мейкиндик боюнча туруктуу болот. Суу объектилеринин булгануусунан импакттык экосистемалар түптөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]