Имплементация (эл аралык укук)
Көрүнүш
Имплементация — эл аралык укук ченемдерин улуттук мыйзамдарга жана мыйзамга негизделген актыларга трансформациялоо жолу менен эл аралык милдеттенмелерди ички мамлекеттик деңгээлде иш жүзүнө ашыруу. Бир катар мамлекеттерде ратификацияланган эл аралык келишимдер дароо эле улуттук мыйзамдардын ажырагыс бөлүгү болуп калат. Алсак, КР Конституциясына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, КР катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери КР мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7