Импрессионизм

Википедия дан
К. Моне, 1872.

Импрессионизм - (фр. impression таасир) - 19-кылымдын үчүнчү чейреги 20-кылымдын башында искусстводо өкүм сүргөн багыт. 1860-жылдардын аягы 1870-жылдардын башында француз живописинде калыптанган. Импрессионизмдин жетик мезгилинде (1870-жылдар жана 1880-жылдардын 1-жарымы) искусствону жаңылоо, расмий салондук академизмди жоюу үчүн күрөшкөн К. Моне, О. Ренуар, Э. Дега, К. Писсарро, А. Сислей, Б. Моризо сыяктуу сүрөтчүлөр 1874-86-ж. аралыгында 8 көргөзмө уюштурган. «Импрессионизм» деген термин К. Моненин «Таасир. Чыгып келе жаткан күн» (1872) деген сүрөтү көргөзмөгө коюлгандан тартып пайда болгон. Импрессионизм 1840-60-жылдары классицизм, романтизм жана академизм шарттуулугунан бошоп, күнүмдүк турмуш чындыгынын, жөнөкөй демократчыл мотивдердин сулуулугун даңазалайт, сүрөттөлгөн көрүнүштүн жандуулугуна жетишет. Айлана-чөйрөдөгү түркүн түстөрдүн ажарын ачып, адам менен жаратылыштын биримдигин көргөзөт. Импрессионисттер көрүнүштөрдөгү кокустуктарга көбүрөөк көңүл бурушуп, фабуладан баш тарткан жана чыгармачылыгында алгачкы таасирди сактоого көңүл бурушкан. Импрессионисттер өз мезгилинде алгачкылардан болуп шаар турмушунун өзгөчөлүгүн ар тараптан көрсөтүшкөн. Көрүнүштүн жаңылыгын сактоо үчүн татаал тондорду таза түстөргө бөлүп жиберүү ыкмасын иштеп чыгышкан, башкача айтканда таза түстөрдүн сүйкөмү көрүүчүнүн көз алдында аралашып жаткан сыяктанат. 1880-жылдардын орто ченинде импрессионизм бир бүтүн система жана багыт катары өз мүмкүнчүлүгүн түгөтүп, искусствонун андан аркы эволюциясына жаңы түрткү берген. Кадыресе калыптанган импрессионизмдин чыгармалары ачык жана турмушка жакын болгону менен, көркөм каражаттардын баалуулугун өз алдынча кароого, чыгарманын формалдык структурасына көбүрөөк көңүл бөлгөн. 1880-1910-жылдары көп сүрөтчүлөргө (М. Либерман, Л. Коринт Германияда; К. Коровин, В. Серов, И. Грабарь Россияда), скульпторлорго (Э. Дега, О. Роден Францияда; М. Россо Италияда; П. Трубецкой, А. Голубкина Россияда) таасир тийгизген. Импрессионизмдин салттары 20-кылымдын искусствосунун реалисттик агымдарынан да кездешет. Сүрөт өнөрүндөгү импрессионизмдин айрым принциптери бирдиктүү көркөм система боло албаса да, адабият, музыка, театрдын көркөм каражаттарын өнүктүрүүгө таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]