Импровизация

Википедия дан

Импровизация - (лат. improvisus күтпөгөн жерден, капыстан) аткаруу учурунда көркөм чыгарманы шыдыр жаратуу өнөрү. Алдын ала даярдыксыз көркөм чыгарма жаратуунун, табигый таланттын, кесиптик дасыгуунун натыйжасында пайда болот. Импровизация музыка, бий искусствосуна, театр, айрыкча көркөм сөз өнөрүнө мүнөздүү. Эл чыг-лыгына байыртан байыр алган бул өнөр ар элде ар кандай аталат. Поэзиядагы импровизация ырчылардын берилген темага ылайык, болбосо айтышта ойду улоо же жооп кайтаруу иретинде такалбай, куюлуштуруп, жамактатып ыр чыгарышы. Кыргызда оозеки чыгармачылык өкүм сүрүп турган кезде, импровизация көркөм сөз өнөрүнүн зарыл компоненти катары турмуштук муктаждыктан келип чыгып, көркөм чыгармачылыктын айтуу формасы иретинде улам өнүгүп, өркүндөп салттуу өнөргө айланган. Импровизация өнөрү айрыкча жомокчу (кээде), жамакчы, нускоочу ырчыларга мүнөздүү. Алардын чыгармачылык кудуретин төкмөчүлүк деп таамай аталган. Импровизация өнөрүн Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл сыяктуу эл ырчылары көркөм бийиктикке жеткирип, ал салтты Э. Турсуналиев, Т. Тыныбеков, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаевдер улантышты. Заманбап кыргыз поэзиясына да төкмөлүк өнөрдү аркалаган жаштар (Э. Иманалиев, Ж. Токтобеков, А. Кутманалиев, Майра Керим кызы, А. Нуралиев, А. Болгонбаев, А. Туткучов ж. б.) келүүдө. Кыргыз адабиятында импровизациялык поэзиянын эң ири өкүлү катары улуу Токтогулду атоого болот. Ал чыгармаларын комуздун коштоосунда алдын ала даярдыксыз аткарган. Төкмө акындар импровизациялык поэзиянын бекем, туруктуу салттарын, өзүнө жаккан акындын чыгармаларын аткарганда, ал акындын стилдик бөтөнчөлүктөрүн толук сактоого аракеттенген. Кыргыз акындар поэзиясында импровизациянын эки түрдүү формасын атоого болот: 1) нускоо түрүндөгү импровизация көбүнчө саясий маанидеги насыят, санат ырларын; 2) жамак түрүндөгү импровизация аш-тойлордо күрөшкө чыккан балбандарды, жарышка салынган күлүктөрдү мактап, жар салып ырдаган ырчыларга мүнөздүү. Импровизациялык шык кээде профессионал жазуучу, акындарда да болот. Эгерде элдик акындар импровизациялык өнөрүн оозеки түрдө өнүктүрсө, профессионал акындар өздөрүнүн импровизациясын жазма түрүндө ишке ашырат. Эгерде жазма импровизаторлордун эч даярдыксыз кагазга түшүргөн ыры ошол вариантта сакталып калса, оозеки импровизаторлор бир эле темадагы ырын кайрадан аткарганда мурдагысы сөзмө-сөз эч качан кайталанбайт, ыр саптары өзгөрөт, айрым сүрөттөө каражаттары кемип, же күчөйт, же айрым строфалары жоголуп, анын ордуна жаңысы пайда болот. Музыкада импровизация элдик импровизациянын таасиринде жаралган жана калыптанган. Европада анын алгачкы формалары орто кылымдагы вокалдык сыйынуу музыкасына байланыштуу чыккан. Музыка толук кагазга түшүрүлбөгөндүктөн, ар бир аткаруучу партиясын өз деңгээлинде импровизациялаган. Акырындап импровизация ыкмасы жөнгө салынып, 19-кылымдын 1-жарымында белгилүү композитор-аткаруучулардын (Л. Бетховен, Н. Паганини, Ф. Шопен) чыгармачылыгында эркин фантазиялоо формасы катары чоң мааниге ээ болгон. Фантазия, экспромт, прелюдия сыяктуу айрым музыкалык жанрлар импровизация жолу менен жаралган. Азыр жаз музыкасында импровизацияга көбүрөөк жол берилет. Бийде импровизация элдик ырым-жырым, оюн-зоок майрамдары менен байланыштуу байыртан бери өнүгүп келет. Импровизация Азия элдеринин элдик бийинде, профессионалдык бий өнөрүндө, айрыкча музыканын мазмунун бий менен туюндурууда байкалат. Театрда импровизация сценарийдеги мерчемдүү темага ылайык өз сөзүн жалгай айтып, образ түзө алган актёр оюну. 20-кылымдын башында импровизацияны актердун чыгармачылыгын активдештирүүдө, элдик көркөм каражаттар менен байытууда актерлор менен иштөөдөгү окуу-тарбия методу катары К. С. Станиславский кийирген. 1919-38-ж. Москвада импровизация театры болгон. Импровизация азыр театр педагогикасынын негизги элементи катары пайдаланылат. Кыргыз музыкасында, айрыкча комуз күүлөрүн чыгарууда импровизациянын үлүшү зор. Анткени күү нотага түшүрүлбөй, бир чертүү менен аткарылат. Кыргызда импровизация аспапчыларда (күү чыгарууда, аткарууда) өтө күчтүү болгон. Элдик аспаптык чыгармачылыкта (комузчулар, кыл кыякчылар, ооз комузчулар, чоорчулар, сурнайчылар ж. б.) шайырлар күүлөрүн төкмөлөп чыгарышкан. Ошондуктан бүгүнкү черткен күүсүн эртеси кайрыктарын узартып же кыскартып чертишкен. Бул болсо төкмөчүлүктүн өзүнчө бир касиети катары салтка айланган. Залкар шайырлар: Арстанбек, Муратаалы, Карамолдо, Абак, Ыбырай, Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай ж. б. төкмөлөп күү чыгаруунун, аткаруунун үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]