Импульстуу фотометрия

Википедия дан

Импульстуу фотометрия – фотометриянын импульстуу жарык агымын изилдөөчү жана аны нерсенин оптикалык мүнөздөмөсүн (чагылуу, өткөрүү коэффициенти жана башкалар) аныктоодо колдонуучу бөлүмү. Азыркы учурда импульстуу фотометрияда импульс лампасы жана лазер колдонулат. Импульстуу фотометрияга негизинен мейкиндиктеги энергияны, импульстуу булактын спектрдик жана убакыттык мүнөздөмөсүн эсептөө, аларды өлчөө кирет. Лазер техникасынын өнүгүшү, өзгөчө когеренттүү нурлануунун наножана пикосекунд импульсун алуу ыкмасы импульстуу фотометрияга жарык импульсун сызыктуу эмес кристалл менен детекторлоо, жогорку тартиптеги корреляция (көз карандылык) функциясын колдонуу жана башкалар сыяктуу өлчөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгуу маселесин койду. Азыркы Импульстуу фотометрияда жарык импульстарынын узактыгына ылайык келген тез иштөөчү ЭЭМдер колдонулат. Ал маалыматты убакыттын чыныгы масштабында эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]