Импульс (физикада)

Википедия дан

Импульс (физикада) - (лат. impulsus сокку, кагылыш) физикада нерсенин механикалык кыймылын сан жагынан мүнөздөөчү вектордук чоңдук. P менен белгиленип, P=mv формуласы менен туюнтулат. Импульстун бир нече түрү бар: 1) механикалык импульс кыймылдын чени, башкача айтканда кыймыл саны. Материянын бардык түрлөрү, анын ичинде электр-магниттик жана гравитациялык талаалар да Импульска ээ; 2) күч импульсу белгилүү убакыттагы күч-аракет чени (чоңдугу); ал күчтүн орточо маанисин күч аракеттенген убакытка көбөйткөндөгү көбөйтүндүсүнө барабар; 3) толкун импульсу мейкиндикте же чөйрөдө таралуучу толкундун бир ирет дүүлүгүшү, мисалы, басымы тез көбөйгөн жана капысынан болуучу үн импульсу. Оптикалык нурлануу булагынын жарыкты аз убакытта (0,01 сек) чыгаруучу жарык импульсу (бул электр-магнит импульсунун айрым учуру); 4) электр импульсу токтун чыңалуусунун же күчүнүн кыска мөөнөткө өзгөрүшү. Электр чынжырындагы өтмө процесстер менен салыштырмалуу убакытка карата кыска мөөнөт деп түшүнсө болот. Электр импульсу жогорку вольттуу ток импульсу, видеоимпульс жана радиоимпульс болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]