Инвариант (лингвистика)

Википедия дан

Инвариант (лингвистика) - (лат. invariantis-өзгөрбөөчү) - бир эле маани-мазмунду (бир эле бирдикти) анын конкреттүү модификациялары-варианттарынан айырмалап-жалпылоо үчүн колдонулган абстракттуу белгилөө.

Инвариант объектинин варианттардан түзүлгөн классынын жалпы белгилерин чагылдырат, өзүнчө объект катары жашабайт. Бир түрдүү объектилер классынын аталышы катары Инвариант сөз формасында гана болот. Мис.: тилдеги Инвариант фонетикалык жактан окшош, функционалдык жактан дал келген тыбыштар. "А фонемасы" же " К фонемасы» деген айтылыштар өздөрүнүн конкреттүү реализациясы - варианттарга карата инвариант болушат. "А фонемасын" айтууга аракет жасоо менен, биз анын өзүн эмес, варианттарынын бирин " а..." айтабыз.

Инвариант түшүнүгү – тилдик материалды иреттөөнүн классификациялык каражаты. Тилдин бардык бирдиктери варианттардын көптүгү түрүндө жашайт. Тилдик бирдиктердин варианттуулугу бүткүл тилдик системанын варианттык-инварианттык түзүлүшүнө негиз болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4