Инверсия (лингвистика)

Википедия дан

Инверсия (лингвистика) (лат. inversio – которуштуруу, орун алмаштыруу)

  • 1) кеңири маанисинде: сүйлөм мүчөлөрүнүн көнүмүш орун тартибинин бузулушу, өзгөрүшү;
  • 2) тар маанисинде: сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартибинин синтаксистик байланыштардын өзгөрүүсүнө жана сүйлөмдү актуалдуу жиктеш-тирүүгө байланышпаган өзгөрүүсү.

Инверсия кеңири маанисинде да жана тар маанисинде да сөздү (сөздөрдү) маанилик жана эмоционалдык жактан бөлүп көрсөтүүнү шарттайт, б.а., Инверсия -сөздөрдүн стилистикалык жактан нейтралдуу (бейтарап) орун тартибинин бузулушу.

Мында рема темадан мурда келип калат: Кандай сонун жаз жамгыры. Инверсия поэтикалык кепте, өзгөчө, ырларда муун өлчөмүн, уйкаштыкты, камсыз кылуу үчүн кеңири колдонулат:

Ай чыкты тептегерек алтын табак, Шыбырайт камыш башы айга карап (Р.Шүкүрбеков). Айрым учурларда Инверсия стилистикалык максатты да аркалайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4