Инвертор

Википедия дан

Инвертор - (лат. inverto аңтарам, өзгөртөм) – 1) электр техникасында туруктуу токту же чыңалууну бир же көп фазалуу өзгөрмө токко айландыруучу түзүлүш. Инвертор көз каранды жана автономдуу болот. Көз каранды инвертордо туруктуу жана өзгөрмө ток булактарынын ортосуна башкаруучу вентиль, каршылык жана индукциялуу түрмөк туташтырылат. Автономдуу инвертордо конденсатор ток булагынан дроссель аркылуу заряддалып, вентиль жана трансформатордун биринчи орому аркылуу разряддалат, ал эми экинчи оромунда өзгөрмө ток пайда болот; 2) эсептөө техникасында кириши сигналсыз, ал эми чыгышы сигналдуу, кириши менен чыгышы бирдей электрондук түзүлүш. Мында инвертор потенциалдуу жана импульстуу болуп бөлүнөт. Потенциалдуу инвертордо киришине чоң деңгээлдеги чыңалуу берилгенде, чыгышында кичине деңгээлдеги чыңалуу алынат жана буга тескери процесс жүрөт. Импульстуу инвертор импульс сигналдарын өзгөртүп турат; 3) радиотехникада чыгышы менен киришинде амплитуданын, уюлдуулуктун же электр сигналдарынын фазаларынын өзгөрүшү карама-каршы болгон электрондук түзүлүш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]