Инвестиция

Википедия дан

Инвестиция (лат. investio - кийгизем дегенден) - өлкө ичинде же чет өлкөдө өнөр жай, а. ч., транспорт ж. б. чарба тармактарына узак мөөнөткө капитал сарптоо.

Инвестицияны финансылык жана чыныгы деп ажыратат. Финансылык Инвестиция мамлекеттик же корпорация чыгарган акция, облигация ж. б. баалуу кагазды сатып алууга капитал сарптоо.

Чыныгы Инвестиция өндүрүштүк негизги капитал (имарат, жабдуу ж. б.), турак жай курулушу, товар-материал запастарга капитал сарптоо. Инвестиция жеке менчик жана мамлекеттик болуп бөлүнөт. Мамлекеттик Инвестицияны финансылоонун башкы булагы - салык, ички жана тышкы заём, мамлекеттик ишкананын кирешеси, жаңы акча чыгаруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.