Инвестициялык банктар

Википедия дан

Инвестициялык банктар – акча каражаттарын тартуу, узак мөөнөткө насыя берүү жана экономиканын ар түрдүү тармактарын финансылоо максатында баалуу кагаздар менен иш жүргүзүүгө адистешкен атайын насыя-финансы институту. Банктардын тарыхый депозиттик-ссудалык эсеп жана эмиссиялык-уюштуруу иштери, башкача айтканда коммерциялык жана инвестициялык банктардын иштеринин айкалышы алардын универсалдатуусунун маанилүү түрү болгон. Айрым өлкөлөрдө (АКШ, Италия, Франция) кризистен кийин 1929-33-ж. инвестициялык банктардан коммерциялык банктардын бөлүнүшү мыйзамдаштырылган. Коммерциялык банктардын өз акцияларын жана кредиттерин сатышы инвестициялык банктар ресурстарынын булактары болуп саналат. Инвестициялык банктар коммерциялык банктардан айырмаланып, депозиттерди кабыл албайт, эмиссиялык-уюштуруу ишмердигин жүргүзөт, башкача айтканда баалуу кагаздарды чыгарат жана жайгаштырат. Инвестициялык банктар карызкор менен инвесторлордун ортосунда төмөнкү негизги милдеттерди аткарат: 1) баалуу кагаздардын эмиссиясын уюштуруу, карыздын шарттарын карыз милдеттенмелери (акциялар, облигациялар жана башкалар) түрүндө макулдашуу; 2) баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, андан ичкери өз эсебинен; 3) эмиссия гаранты (Инвестициялык банктар чыгарылган баалуу кагаздардын сатылбаган бөлүгүн сатып алууга милдеттенет); 4) инвесторлорго орто жана узак мөөнөттүү насыя баалуу кагаздарды сатып алуучуларга берүү; 5) консультациялык кызмат көрсөтүү жана башкалар Чет мамлекеттерде Инвестициялык банктардын милдетин борбордук жана адистештирилген банктар аткарат. Эл аралык Инвестициялык банктар өзгөчө орунду ээлейт, андан ичкери Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Америка аралык өнүгүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Африка өнүгүү банкы бар. ЕЭС алкагында 1959-жылдан Европа инвестициялык банкы иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]