Инвестиция ишин мамлекеттик колдоо

Википедия дан

Инвестиция ишин мамлекеттик колдоо. Өлкөдөгү инвестициялардын жалпы көлөмүн көбөйтүү максатында мамлекеттик жөнгө салуу аларда борборлоштурулган сарптоолордун үлүшүн бир азыраак көбөйтүү шартын коёт. Өндүрүш инфраструктурасынын кыйла бөлүгүн өнүктүрүүнү финансылоону мамлекет өзүнө алат. Рынок экономикасына өткөөл мезгилде мамлекет инвестициялык ресурстардын кыйла бөлүгүн турак-жай чарбасына, саламаттык сактоого, маданиятка, илимге, социалдык чөйрөнүн мүмкүн болуучу керектөөлөрүн канааттандырууга жумшайт. Борборлоштурулган инвестициялык ресурстардын калган бөлүгү өндүрүш чөйрөсүндө жеке, ата мекендик, чет өлкөлүк инвестицияларга өбөлгө түзүүгө пайдаланылат. Соңку убакта инвестициялык саясат тармактар менен региондордун ортосунда бюджеттик акча каражаттарын капиталдык курулушка бөлүштүрүүдө объектилерди тандоо аркылуу жарым-жартылай финансылоого жана ушундай объектилердин курамын конкурстук негизде түзүүгө өтүү мүнөздүү. Долбоорлорду мамлекеттик-коммерциялык финансылоону өнүктүрүү үчүн эки жаңы механизмди долбоорлорду сертификациялоону жана инвесторлорго мамлекеттик кепилдиктерди ишке ашыруу белгиленүүдө. Долбоорду сертификациялоо инвесторлорду тартуу боюнча аукциондорду өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Чет өлкөлүк инвесторлор менен контракттарды сертификациялоо алардын долбоорлорго ишенимин алда канча жогорулатат. Бул инвестиция рыногунда капиталдардын конкуренциясын (атаандаштыгын) түзүүгө мүмкүндүк берет. Экинчи механизм жогору натыйжалуу инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу инвесторго байланышсыз себептер менен үзгүлтүккө учураган кезде жумшалып жаткан ресурстардын бир бөлүгүнүн курамы боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин камтыган мамлекеттик кепилдиктерди ата мекендик жеке инвесторлорго берүү. Мында күрөө милдеттенмелери менен кошо инвесторлорго кошумча кепилдик милдеттенмелерин берүү зарыл. Дүйнөлүк деңгээлдин талаптарына жооп берүүчү күрөө системасын уюштуруунун негизинде жогору натыйжалуу инвестициялык долбоорлордун мамлекеттик гарантиялардын шартын түзүү каралууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]