Ингибиторлор

Википедия дан

Ингибиторлор (лат. inhibo - токтотомун, басаңдатам) - түрдүү хим. процесстер токтотуучу заттар. И. зыяндуу процесстер токтотуучу таасири алардын катализатор жана ферменттер активдүү борборлорун тосуп алып активдүү бөлүкчөлөр менен реакцияга кирип, начар активдүү радикалдарга айландырышына байланыштуу. Хим. процессти токтотуучу же ылдамдыгын төмөндөтүүчү заттар эң көп жана алардын колдонуу тармактары кеңири. Мис., металлдардын коррозиясын (дат басуусунун), мономерлер полимерленишин, тамак-аштарды окистенишине жана башка Металл буюмдарын сактоо үчүн дициклогексиламмоний нитрити жана карбонаты, уротропин менен натрий нитрити аралшмасы пайдаланылат. Окистенүү реакциясынын И. катары фенолдор, ароматтык аминдер, күкүрттүү бирикмелер; мономерлер полимерленүү жана окистенүүсүндө И. күкүрт, фенолдор, таннин, канифоль, жез туздары жана башка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]