Мазмунга өтүү

Индикатордук түтүктөр

Википедия дан

Индикатордук түтүктөр, абадагы же түтүндөгү газдар СО, NOx(NO+NO2),SO2, ыш, нефть углеводород, этанол өлчөмүн аныктоодо колдонулат. Диаметри 4-7 мм, узундугу 100 мм турган айнек түтүкчөлөр хим. реактивдер менен толтурулат. Зыяндуу газдарды идикатордук метод менен аныктоодо жолтоо болуучу затты алдын ала кармоо үчүн, фильтрлер же болбосо атайын патрондор, окистендирүүчү же калыбына келтирүүчү заттар колдонулат. Зыяндуу заттар аныктоодо И. т. аркылуу белгилүү өлчөмдөгү газдар жиберилгенде күкүмдөр өңү өзгөрүлөт. Алынган күкүмдөр түсүн белгилүү стандартка салыштырып, зыяндуу заттын өлчөмүн (мг/м3) табууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]