Индикаторлор

Википедия дан

Индикаторлор - хим. реакциянын багытына таасир кылбастан, титрлөөнүн акыркы чекитинде гана өзүнүн өңүн өзгөртүп жиберүүгө жөндөмдүү болгон орг. жана орг. эмес заттар. И. анализденүүчү эритмеге аз-аздан тамчылатып колдонушат. Туура тандалган И. жардамы менен титрлөөнүн акыркы чекити аныкталат жана практикалык жактан хим. реакция эквиваленттик чекитине туура келет (эквиваленттик чекитте титрлөөнүн көрсөткүч рН маанисине туура келиши керек). И. титриметрлик методдорго колдонулушуна жараша: к-та негиздик, окистенүү-калыбына келүүчү, адсорбциялануучу И. болуп бөлүнөт. О. эле кайталануучу, кайталанбоочу И. болот.Биринчиси кайталануучу реакцияларда, экинчиси кайталнбоочу реакцияларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]