Индонезиялыктар

Википедия дан

Индонезиялыктар – Индонезиянын негизги калкы. Түштүк Чыгыш Азия аралдары, Жаңы Гвинеянын батыш бөлүктөрү, Малайзия, Филиппин, Бруней жана Сингапурда да жашашат. Жалпы саны 375 млн киши (2007), көпчүлүгүн явалыктар, сундалыктар, мадурлар, малайялыктар, минангкабау, бугис, бали, банжар, ачех, макассар жана башкалар түзөт. Индонезиялыктардын дини ислам (90%), христиан, буддизм жана индуизм. Биздин заманга чейинки 3-2миң жылдыкта Түштүк Чыгыш Азиянын моңгол тилдүү уруулары Индонезия аймагына көчүп келип, жергиликтүү веддоиддик жана меланезоиддик уруулар менен аралашып, индонезиялыктардын этностук негизин түзгөн. Азыркы И. 19-20-кылымдарда калыптана баштаган. 1945-ж. көз каранды эмес Индонезия Республикасы жарыялангандан кийин улуттук жана этностук биригүү процесси күчүнө кирип, жалпы индонезия тили жана маданияты нын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн. Индонезиялыктардын негизги кесиби дыйканчылык (күрүч, жүгөрү, маниок, батат, арахис, соя эгишип, экспорт үчүн каучуктуу өсүмдүктөр, пальма майы, бал камыш, чай, кофе, какао, хина дарагы, тамеки, калемпир, сизаль жана башкалар өсүмдүктөрдү айдашат), мал чарбачылык, балык уулоочулук. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азыктары жана жашылча-жемиштер. Суусундук катары кофе, чай, кокос жаңгагынан жасалган сок колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]