Индуктор

Википедия дан

Индуктор - (лат. inductor жөндөйм, ойготом), 1) ысыткыч индуктор — нерселерди (көбүнчө өткөргүчтөрдү) өзгөрмөлүү магнит талаасында дүүлүктүрүүчү куюн түрүндөгү ток менен индукциялык ысытуучу электр-магниттик түзүлүш. Ал негизги эки бөлүктөн өзгөрмөлүү магнит талаасын пайда кылуучу өткөргүчтөн жана электр энергиясынын булагына туташтыруучу ток бергичтен турат. Индуктордун бардык түрлөрү бир убакта жана үзгүлтүксүз удаалаш ысытуучу болуп экиге бөлүнөт. Биринчисинде индукцияланган өткөргүчтүн аянты болжол менен ысытылуучу беттин аянтына барабар болуп, бул бир эле убакта бардык бөлүктөрдү ысытууга мүмкүндүк берет. Экинчи ыкмада ысытылуучу буюмдун бети индукцияланган өткөргүчтүн үстүнөн удаалаш жылдыруу менен ысытылат. 2) Телефон Индуктору — кол менен жана электр моторунун жардамы аркылуу (машиналык Индуктор) иштетилүүчү өзгөрмөлүү токту пайда кылуучу магнит-электр машинасы. Биринчиси кол менен тейленүүчү телефон аппараттарында сигнал жиберип туруу үчүн колдонулат. Индуктор 18-21 Гц жыштыктагы, 60-70 в чыңалуудагы жана 3,8 Вт кубаттуулуктагы өзгөрүлмөлүү токту иштеп чыгат. Ал эми машиналык Индуктор телефон станцияларында, абоненттердин аппараттарына сигнал берүүдө колдонулат. Индуктордун эки түрү чыгарылат: айлануучу якорддуу, эки кыймылсыз тик бурчтуу магниттүү; кыймылсыз якорддуу жана шакек формасындагы айлануучу көп уюлдуу магниттүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]