Индукциялык насос

Википедия дан

Индукциялык насос — электр-магнит күчүнүн жардамы менен электр өткөргүч суюктукту (адатта эриген металлдарды) которуп туруучу магниттик гидродинамикалык насос ; электрмагнит күчү индуктордун магнит талаасы (насос аркылуу өтүп, суюктук менен индукцияланган) менен электр тогунун талаасынын өз ара аракеттенишинин натыйжасында пайда болот. Бул насос магниттик гидродинамикалык насостун бир түрү болуп эсептелет. Суюк щелочтуу металлдарды 1000°С жана андан ашык температурада бере алат. Конструкциясына карата спиралдуу жана сызыктуу болуп экиге бөлүнөт. Ал ядролук энергетика, металлургия жана башкалар тармактарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]