Индукциялык электр өлчөгүч

Википедия дан

Индукциялык электр өлчөгүч — өзгөрмө токтун тизмектериндеги электр чоңдугун өлчөгүч түзүлүш. Ал магнит системасынан (электр-магнит), кыймылдуу бөлүктөн жана туруктуу магниттен турат. Анын кыймылдуу бөлүгү жука алюминий же латун диск, ал магнит агымы индукциялаган токтун өз ара аракетинен кыймылга келет. Бул принциптин негизинде амперметр, вольтметр, ваттметр, фазометр жана башкалар көп приборлор жасалат. Мындай алет (прибор) магнит агымынын санына жараша бир агымдуу жана көп агымдуу болуп, интеграл өлчөгүч алет деп аталат. Индукциялык өлчөгүчтүн өздүк магнит талаасы чоң болгондуктан, сырткы магнит талаалары алардын ишине таасир бере албайт. Ал электр энергиясын аз чыгымдайт жана жыштыгы өзгөрбөөчү тизмектерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]