Инерция

Википедия дан

Инерция (лат. inertia аракетсиздик), инерттүүлүк (механикада) – нерсенин өзүнүн тынч абалын же бир калыптагы жана түз сызыктуу кыймылын сактоо касиети. Инерция нерсеге сырткы күч таасир эткенде же аракеттенген күч бири бирине тең салмакта болгондо нерсенин тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактоо касиети. Инерция кубулушу нерсенин инерттүүлүк касиети менен шартталат. Инерттүүлүк нерсенин тубаса касиети. Демек, нерсенин баштапкы абалын өзгөртүүчү тышкы күчкө анын инерттүүлүгү дайыма каршылык көрсөтөт. Нерсенин Инерция чени анын массасы. Бир нерсенин экинчи нерсеге тийгизген таасири күч деп аталат.

Инерция түшүнүгүн Ньютондун биринчи мыйзамында же башкача инерция мыйзамында берилген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]