Инжектор

Википедия дан

Инжектор (лат. injicio, фр. injecteur ыргытам) – газ жана бууну кысуучу, ошондой эле түрдүү аппаратка жана идишке суюктукту, газды кысып (сүрүп) киргизүүчү агымдуу насос. Инжектор паровоз, локомобиль жана анча чоң эмес казан курулмаларында буу казанына суу жиберүү үчүн колдонулат. Инжектордун иш-аракети буу агымынын кинетикалык энергиясын суунун потенциалдык энергиясына айландырууга негизделген. Инжекторго кирүүчү суунун температурасы 40°Сден ашпашы керек. Инжектор тик же горизонталдык абалда жайгашат. Инжектор туруктуу жана көчмө чакан курулмаларда орнотулат. Анын өндүрүмдүүлүгү төмөн жана жогорку темпрада иштебейт. Газды, бууну жана суюктукту соруп алууга ылайыкталган Инжектор – эжектор деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]