Инжекция

Википедия дан

Инжекция (лат. injectio ыргытуу) – 1) заряддалган бөлүкчөлөрдү кыймылын тездетүү же топтоо үчүн аларды ылдамдаткычка киргизүү процесси. Сызыктуу ылдамдаткычтагы бөлүкчөлөрдүн Инжекциясы (ошондой эле кийин ылдамдаткычтан чыгуу да) анчалык техникалык кыйынчылыкты туудурбайт жана киргизилген заряд тобунун параметри менен ылдамдаткычтын параметринин дал келиши гана талап кылынат; 2) зарядташуучунун сырткы электр талаасынын таасири астында жогорку концент-луу облустан ток алып жүргүчтүн татуусунун натыйжасында жарым өткөргүчтө заряд ташыгычтын концент-сынын көбөйүшү. Жарым өткөргүчкө ашыкча заряд металл же башка жарым өткөргүчтөн электр тогу өткөн учурда агып кирет. Заряд ташуучунун инжекциясы монополярдык жана биполярдык болуп эки түргө бөлүнөт. Заряд ташуучунун монополярдык инжекциясында жарым өткөргүчкө тиймектин бири (инжекциялоочу тиймек) аркылуу бир белгидеги гана заряд ташылат. Ал эми экинчи тиймек (жарым өткөргүчтө ток чынжырын түзүүдө колдонулат) аркылуу жарым өткөргүчкө карама-каршы белгидеги заряд өтпөйт (инжекциялабоочу тиймек). Заряд ташуучунун биполярдык инжекциясында жарым өткөргүчкө тиймектер аркылуу бир мезгилде карамакаршы белгидеги электроддор бири бирин көздөй агып кирет. Ошентип алар бири бирин нейтралдап жана ошол эле кристаллдагы монополярдык инжекцияда ток көп болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]