Инклинометр

Википедия дан

Инклинометр (лат. inclino - эңкейтем жана ...метр) - бургулоо көзөнөгүнүн абалын билуу үчүн анын тиктигин жана кыйшаюу азимутун аныктоочу прибор.

Өлчөө ыкмасына карай 2ге бөлүнөт: Жердин гравитациялык талаасын, геомагнит талаасын, гидроскопиялык эффект жана телезонддоону пайдалануу менен түздөн түз өлчөө; ал эми жер үстүнөн багыттоо методдорун, ырааттуулукту, сейсмди, радиолокацияны, магнитометр ыкмасын ж. б. колдонуу менен кыйыр өлчөө. Өлчөө Инклинометрдин өзүндө же алыстан (жер үстүндө) жүргүзүлөт.

Инклинометрдин абалы сезгич үчэлементтин (рамка, асма, буссоль) жардамы менен аныкталат. Диаметри 58 мм, тик багыттан кыйшаюу бурчун өлчөө чеги 0,50 (ката ±0°30'), азимуту 0-360° (±4°). Прибор бургулоо көзөнөгүнө түшүрүлүп, каротаж кабели боюнча башкарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.