Инкотермс

Википедия дан

Инкотермс ( ICC official rules for the interpretation of Trade Terms , « Incoterms  ») – тышкы соода келишимдеринде кыйла көбүрөөк кездешүүчү коммерциялык аталгыларды жана айтылыштарды чечмелөөнүн эларалык эрежелери. Эларалык соода палатасы тарабынан чыгарылат. Биринчи чыгарылышы «Инкотермс 1936» болгон. Андан кийин эларалык соода тажрыйбасына ылайыкташтырылган эрежелердин жыйнагын түзүү үчүн 1953-, 1967-, 1976-, 1980- жана 1990-жж. өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Эгер келишимдерди (тышкы соода) түзүүдө тараптар И-те көрсөтүлгөн шарттарга шилтеме жасашса, анда бул аркыл өлкөлөрдүн соода эрежелериндеги түшүндүрмөлөрдү жана аталгыларды чечмелөөдөн келип чыккан талаш-тартыштарды жана келишпестиктерди кыйгап өтүүгө жардам берет жана баардык маселелерди алып салат[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кандай долбоорлор эрежелери жана алар үчүн зарыл