Инкрустация стили
Көрүнүш
Инкрустация стили – 11-13-кылымда Тосканада (Борбордук Италия) өнүккөн роман стилиндеги архитектурадагы багыт. Инкрустация стилинин курулуштары (СанЖованни баптистерийи, 1059-13-к.; Сан-Миньято аль Монте чиркөөсү, 1014-1207, Флоренция) пропорциясынын гармониялуулугу, жасалгасы, түстүү мрамор менен кооздолгону менен айырмаланат. Инкрустация стилинин имараттарына антикалык үлгүдө жасалган аркадалар шаңдуулук менен аземдүүлүк берип турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5