Инкубатор

Википедия дан
Инкуватор (1952).

Инкуватор (лат. incubatio жөжө чыгаруу) – куш жумурткасынан жөжө чыгаруучу аппарат. Секциялуу, бөлмөлүү жана шкафтуу инкуваторлорго бөлүнөт. Тропик өлкөлөрүндө жылууланган идиш, меш жана башкалар түрүндөгү жөнөкөй инкуваторлор илгертен эле белгилүү болгон. Алгачкы инкуватор 19-кылымда Европада жана АКШда чыгарылган. СССРде инкуватор 1928-жылдан жасала баштаган. Инкуватордо туруктуу режим сакталып, жумуртканын 95%тейинен жөжө чыгат. Анда температура, нымдуулук, жумуртканы которуштуруу жана башкалар процесстер автоматтык түрдө башкарылат. Инкуватордун негизги бөлүктөрү: корпус-термостат; ал айрым үч же алты инкубациялык камерадан турат, ар бир камера автономдуу электр аппараттары менен жабдылган, ал камераны автоматтык түрдө жылытып, желдетип, нымдуулукту текшерет; камераны жылдырып туруучу механизмдер; жылытуу системасы; ным жана аба алмаштыргыч; муздаткыч; башкаруу жана электр менен жабдуу механизмдери. КМШ өлкөлөрүндө үй куштарынын бардык түрүнүн жумурткасын инкубациялоочу «Универсал», «Кавказ», «Рекорд» сериясындагы инкуваторлор чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]