Инсоляция
Инсоляция (лат. insolatio, insolo - күнгө чыгарам), күн нуру – жер бетинин күн радиациясы менен нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бирдигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (вт/м?) менен туюнтулат. Инсоляция Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, деңиз деңгээлинин бийиктигине, атмененын тазалыгына жана булуттуулугуна байланыштуу. Ошондуктан ал жыл мезгилине, атмененын абалына жана Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. Инсоляция жер бетинин жана атмененын жылуулук абалы менен Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атмосфералык циркуляциясы, суунун жер бетинде айланышы, башкача айтканда жердин климат шарттары жана өсүмдүк менен жаныбар дүйнөсүнүн биофизикалык, биохимиялык процесстери Инсоляцияга тыгыз байланышкан. Инсоляция актинометр менен өлчөнөт. Инсоляция шарттарын изилдөө айыл чарбасында, күн нуру менен дарыланууда, арх. долбоорлордо, шаар-кыштак курууда жана башкаларда керек[1].
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
- ↑ Инсоляция: түшүнүгү, түрлөрү жана убакыт эсептөө. Текшерилген күнү 23 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 23 -август (баш оона) 2021.