Институционализм

Википедия дан

Институционализм (фр. institution, лат. institutum – түзүлүш, орнотуу). 20-кылымдын 20–30-жылдарында Францияда М. Ориу, Ж. Ренар тарабынан буржуазиялык саясий илимдин жана конституциялык укуктун багыттарынын бири катары калыптанган. Интитуционализмдин негизги проблематикасы коомдогу, буржуазиялык коомдогу саясий бийлик. Институционализм «институция» Институционализмдин көз карашы боюнча мамлекет өзүнүн маанилүү мүнөзүнө карабастан, саясий бийликке ээ «институциялардын», ал эми мамлекет тарабынан түзүлгөн укук да коомдогу укуктардын бири гана болуп саналат. Марксчыл философтордун көз карашында мындай жобо буржуазиялык бийликтин башкы куралы болуп саналган капиталисттик мамлекеттин чыныгы ролун жылмалагансыйт. Марксчылдардын пикири боюнча Институционализм буржуазиялык коомду көп сандаган «институциялардын» жыйындысы катары кароо менен анын «демократизациясын», ал тургай «социализациясын» далилдөөгө далбас урат. Ушуга байланыштуу Институционализм бирин бири тең салмактаган ар кандай (буржуазиялык, жумушчу ж. б.) уюмдардын коллективдүү бийлик жүргүзүүсү түрүндө элестетилген учурдагы буржуазиялык коомдун саясий түзүлүшүн чагылдырган «плюралисттик демократия» деген модалуу буржуазиялык-реформисттик ураандын (Файнер, Стрейчи ж. б.) теориялык негизи болуп эсептелет. Институционализмдин идеялары буржуазиялык коомдогу чиркөө жана башка диний уюмдардын маани-маңызын баса көрсөткөн клерикалык, өзгөчө католик адабиятында колдоого ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]