Инструментализм

Википедия дан

Инструментализм– билимдерди, анын ичинен илимий билимдерди адамдын ишмердүүлүгүнүн негизги куралы деген философиялык көз караш.

Адамдын тажрыйбалык жана теориялык билимдерин системалаштыруу аркылуу инструментализм дүйнө тууралуу чыныгы теориялык билимдерден куралган философиялык реализмге каршы чыгат. Инструментализм илимий билимдердин жана чындыктын объективдүүлүгү тууралуу маселени четке кагып, чындык деп прагматизм окуусу сыяктуу адамга пайда жана жеңилдик алып келүүчү билимдерди гана түшүнөт. Физикалык теорияларга карата инструменталисттик чечмелөөлөр Беркли, Юм, Мах тарабынан берилген. Мис., Беркли атактуу англиялык физик Ньютондун механикасын кандайдыр бир реалдуу нерсенин илимий сүрөттөсү эмес, эсептөө жана прогноз жасоо иш-чараларынын гана инструменти деп атаган. Инструментализмдин ар тараптуу концепциясы Д. Дьюи тарабынан иштелип чыккан. Инструментализмди философиялык-методологиялык позиция катары К. Поппер курч сынга алган. Анын пикири боюнча инструментализм илимди максатсыз багытка айландырып, илимий билимдердин прогрессин түшүндүрө албайт, экспликативдик чындыкты дескриптивдүү же реалдуу процесстерге таянган чындыкка каршы коет. Бүгүнкү күндө инструментализм илимдин жана социологиянын методологиясы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө (Н. Решер, Л. Лауден, Б. ван Фрассен) кайрадан жанданууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8