Интегралдык-дифференциалдык теңдеме

Википедия дан

Интегралдык-дифференциалдык теңдеме – белгисиз функциясы дифференциал же интеграл белгилеринин астында турган теңдеме. Интегралдык-дифференциалдык теңдемеге дифференциал жана интеграл теңдемелер кирет. Интегралдык-дифференциалдык теңдеме сызыктуу жана сызыктуу эмес болуп бөлүнөт. Сызыктуу Интегралдык-дифференциалдык теңдеме төмөнкү түрдө болот:, мында – параметр, K (x, y) белгилүү функция. Буга жөнөкөй мисал Вольтерра теңдемеси. Жөнөкөй сызыктуу эмес Интегралдык-дифференциалдык теңдеме төмөнкүдөй жазылат: . Бул теңдемени изилдөө үчүн Банах жана Шаудер принциптери, ошондой эле сызыктуу эмес анализдин башка эрежелери колдонулат. Сызыктуу эмес Интегралдык-дифференциалдык теңдеме жалпы учурда жакындаштырып эсептөө жолдору менен чыгарылат. Кыргызстанда Интегралдык-дифференциалдык теңдемени изилдөөгө көп көңүл бурулуп, Интегралдык-дифференциалдык теңдеме теориясынын төмөнкү маселелери боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп келет: 1) Интегралдык-дифференциалдык теңдеме үчүн Коши маселеси; 2) Интегралдык-дифференциалдык теңдеме үчүн чет маселе; 3) Интегралдык-дифференциалдык теңдеменин чыгарылышы; 4) Интегралдык-дифференциалдык теңдеменин чыгарылыштарынын асимптотасы жана туруктуулугу; 5) Интегралдык-дифференциалдык теңдемени чыгаруунун жакындатылган ыкмасы; 6) Интегралдык-дифференциалдык теңдемени чыгаруунун символдук ыкмасы; 7) Интегралдык-дифференциалдык теңдеменин анализдик теориясы, өзгөчө чыгарылыш; 8) кечигүүчү аргументтүү интегралдык-дифференциалдык теңдеме; 9) Интегралдык-дифференциалдык теңдеме үчүн тескери маселе; 10) Интегралдык-дифференциалдык теңдемени практикада колдонуу маселеси. Кыргызстанда интегралдык-дифференциалдык теңдеме боюнча изилдөөлөрдүн алгачкы баштоочусу жана илимий жетекчиси Я. В. Быков болгон. Андан кийинки изилдөөлөргө М. Иманалиев жетекчилик кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]